Тибет тоолорунда эки альпинист кар көчкүдө калып каза болду. Бул тууралуу Tengritravel.kz «Синьхуа» маалымат агенттигине шилтеме берүү менен билдирет.
Кар көчкү 7-октябрда Шишабангма тоосунда болгон. Ал Кытайдын Тибет автономдук районунда жайгашкан.
“Эки альпинист көз жумду. Экөө изделип жатат жана дагы бирөө оор жаракат алды. Куткаруучулар издөө иштерин улантып жатат”,- деп айтылат маалыматта.
Каза болгон альпинисттердин бири АКШнын, экинчиси Непалдын жараны болгон. Кар көчкү 7,600-8000 метр деңиз деңгээлинен бийик жерде болгон.
Эскерте кетсек, октябрь айы альпинисттер үчүн Гималай тоолоруна чыгууда ыңгайлуу ай болуп эсептелет.