Кечээ, 27-февралда 3 адам киши колдуу болгон окуя боюнча Бишкек ШИИБдин жетекчиси маалымат берип, окуя болгон жерди кароо учурунда столдун үстүндө спирт ичимдиктери табылганын билдирген.
Азамат Ногойбаев шектүү менен жабырлануучу спирт ичимдиктерин ичишкенин, бул экспертизанын жыйынтыгы менен да тастыкталганын айткан.
«10 жылдан бери дин жолунда жүргөн. Спирт ичимдиктерин колдончу эмес. Экөөбүз устаздан сабак алуу учурунда таанышканбыз. 5 жылдан бери ДЦП менен жабыркаган балдарга жардам берип келген. Эмнеге Бишкек ШИИБдин башчысы андай деди билбейм. Эмнеге ошол күнү эле мас экен дешкен жок. Эмне анын мас экенин ушунча убакыт өткөндөн кийин билишиптирби? Өзүңөр билесиңер да эмнеге бул ишке спирт ичимдигин кошуп жатканын, шектүү алардын мурдагы кесиптеши да»,— деп Сереп медиа маалымат агенттиги маркумдун курбусу менен байланышканда билдирген.