7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эки үй-бүлөнүн эс алуусу 6 баланын өлүмү менен аяктады

558

Чүйдүн Жайыл районундагы көлмөгө автоунаа кулап, алты кичинекей бала сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу 7-каналга Чүй ОИИБден маалымдашты.

Окуя 20-июнда саат 19:00 чамасында кечке жуук Жайыл районундагы Алтын айылында көлмөдө болгон.

«Volkswagen Jetta унаасынын 40 жаштагы айдоочусу Г.Т., 26 жаштагы аялы, алардын 7, 6, 4 жаштагы жана быйыл төрөлгөн балдары, ошондой эле 27 жаштагы балдызы жана анын 9, 7, 6, 5 жаштагы балдары менен сууга түшүүгө келишкен. Унаада жалпы 11 киши болгон. Ошол жерден Г.Т. спирт ичимдигип ичип, мас абалында унаасын буруп жатып дөңсөөдөн оодарылып, ичиндегилер менен сууга түшүп кеткен. Унаанын ичинен айдоочу, жубайы, жаңы төрөлгөн баласы, балдызы жана анын 7 жаштагы кызы чыгып кетүүгө үлгүргөн. Калгандары чөгүп кеткен»,- деп берилет милициянын маалыматында. 

Сууга чөккөн алты баланын сөөгү чыгарылып, соттук-укуктук экспертизалар дайындалган. Айдоочуга кылмыш иши козголуп, учурда ал камакка алынып, тергөө амалдары жүрүүдө.

Иш ИИМ менен Чүй ОИИББдин жетекчилиги тарабынан өзгөчө көзөмөлгө алынды.

559