Өзбекстанда ширеңке чыгарган эки компания кутуга чийлерди аз салып, миллиондогон сум акча тапкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, өлкөнүн Атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо комитети Up Match компаниясы чыгарган Jeep аталышындагы жана Atlas-Invest’тин Gugurt аталышындагы ширеңлерин сатып алып, текшерүү жүргүзгөн. Жыйынтыгында аталган компаниялар ар бир кутуга 11-17 чийден кем салып жүргөнүн аныктаган.
Up Match бир жумада эле (22-29-апрелде) 150 млн сумга ширеңке сатып, мыйзамсыз жол менен 45 млн сум акча тапкан. Ал эми, Atlas-Invest 66 млн сумга ширеңке сатып, мыйзамсыз жол менен 20,5 млн сум ашыкча акча тапкан.
Комитет компаниянын талапка жооп бербеген продукциясын сатыктан алууну тапшырган.
Учурда текшерүүлөр жүрүп, аталган компанияларга мыйзам чегинде чара көрүлөөрү жазылууда.