7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эки өлкөнүн лидерлери “Ала-Арча” паркында этномаданий программа менен таанышты

379

Бүгүн, 12-мартта, “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркында президент Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, анын өлкөгө жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында уюштурулган этномаданий программа менен таанышты.

Эки өлкөнүн лидерлери келгенинде аларды төкмө акындар, “Алп” баатырлар жана “Аталар изи” аттуу топтомунан улуттук кийим кийген кыздар салтанаттуу тосуп алышты.  

Мамлекет башчылары кол өнөрчүлөрдүн аллеясында боз үйлөрдүн инсталляцияларында чагылдырылган көчмөн элдин жашоосу менен таанышты. Алар кыргыз элинин салттуу тиричилигинин атмосферасына чөмүлүп, кол өнөрчүлөрдүн устаканаларда уникалдуу буюм-тайым жасап жаткандарын көрүп чыгышты.  

Көргөзмөнү көрүп чыккандан кийин президенттер Хан боз үйдүн сыйлуу жеринен орун алышты.  

Этномаданий программанын алкагында Ч. Исабаев атындагы “Камбаркан” фольклордук-этнографиялык ансамбли жана Н. Түгөлов атындагы Мамлекеттик “Ак-Марал” бий ансамблинин катышуусунда концерт коюлду.  

Андан кийин конокторго керней, сурнай жана добулбастын коштоосунда манасчы “Манас” эпосунан үзүндү айтып берди. Эпикалык баяндын уландысы катары “Камбаркан” жана “Ак-Марал” ансамблдеринин музыкалык композициясын аткаруусу болду.  

Этномаданий программа бүркүтчүлөрдүн, жаачылардын жана тайганчылардын муундан муунга өтүп келе жаткан “Салбуурун” салттуу мергенчилик өнөрүн көрсөтүү менен жыйынтыкталды.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

380