7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эки милицияга кесиптештерине кол көтөргөнү үчүн иш козголду

459

Мас абалында унаа башкарып, бейбаштык аракеттерге барган милиция кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирет.

Октябрь районунун прокуратурасы тарабынан милиция кызматкерлери ИИМдин Ички иликтөө кызматынын ыкчам кызматкерине каршылык көрсөтүп, анын дене боюна залака келтирген факт боюнча текшерүү жүргүзүлгөн.

19-апрелде Бишкек шаарынын Горький жана Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жана Ички иликтөө кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан Toyota Camry үлгүсүндөгү автоунаа токтотулган. Токтоткондор унаанын ичиндеги милиция кызматкерлери С.И жана Э.К. мас болуп айдап жаткандыгынан шек санап, текшерүү үчүн Республикалык психиатрия жана наркология борборуна жеткирилген. Бирок шектүүлөр медициналык күбөлөндүрүүдөн баш тартып, ИИМдин А.Ж. аттуу кызматкерин таш менен башка чапкан.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, алар Бишкек ШИИБдин тергөө кызматына тапшырылган.

460