7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эки округ боюнча шайлоого катышуу үчүн 8 талапкерден арыз түштү

642

БШКга 2022-жылдын 27-февралында өтүүчү №27 Биринчи май жана №29 Свердлов шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого катышуу жөнүндө 8 талапкерден (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде) билдирме түштү.

Боршайкомдон билдиришкендей, бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күн калганда башкача айтканда, 2022-жылдын 27-январында саат 18:00дө аяктайт.

Биринчи май округу боюнча:

1. Сартаев Анвар Айдарович;

2. Токтакунов Нурбек Акбарович;

3. Жакыпбеков Шадыкан Мырзаканович;

4. Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна.

Свердлов округу боюнча:

1. Керимбаев Жусубалы Топчубаевич;

2. Жолдошова Назгүл Амантуровна;

3. Асанбеков Жаныбек Асанбекович;

4. Алмамбетова Гуля Идиновна.

Өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерди көрсөтүү талапкердин өзүнүн ушул шайлоо округу боюнча талапкерлигин добушка коюу ниети жөнүндө БШКга арыз берүү жолу менен жүргүзүлөт.

Талапкер бир шайлоо округунда гана көрсөтүлүшү мүмкүн. Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерди каттоо үчүн документтер БШКга шайлоо күнүнө чейин 27 календардык күндөн кечиктирбестен башкача айтканда, 2022-жылдын 30-январында саат 18:00гө чейин берилүүгө тийиш.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

643