7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эки жаш үлпөт тоюна 50 жетим баланы чакырып, белектерди тапшырды

670

Ош облусунун Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагына караштуу Ташлак айылынын тургундары Мансурбек Арибжанов менен Надиракан Кахраманжан кызы баш кошуп, үлпөт тойго 50 дөн ашуун жетим бала ардактуу конок болду. Бул тууралуу муфтияттан билдирди.

Маалыматка караганда, кеченин жүрүшүндө балдарга оюн-зоок уюштурулуп, сый-тамактар тартылып, белектер берилди. Үлпөткө Ташлак айылынын “Имам ата” мечитинин имам-хатиби Юсуфхан ажы Ахматалиев катышты.

“Той-аштарда негизинен багар-көрөрү жоктор унутулуп, көмүскөдө калып кетет эмеспи. Шакиртибиз Мансурбек өз тоюна жетимдерди чакырып, сыйлоону туура көрүптүр. Анын кылган ишин колдоп-кубаттайбыз жана бул демилге көптөгөн жаштарга үлгү болот деген үмүттөбүз”, – деди Юсуфхан ажы.

Эске салсак, ак тойго жетим балдарды чакырып, көңүлдөрүн көтөрүүнү той ээси Мансурбек демилгелеген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

671