7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ЕККУнун башкы катчысынын Кыргызстанга келери күтүлүүдө

11

Бүгүн тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы Фолькер Фробарт менен жолукту. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын ЕККУ менен болгон учурдагы өз ара аракеттенүүсүнүн кеңири чөйрөсү талкууланып, 2026-жылга карата артыкчылыктуу багыттар айтылды.

Жогорку деңгээлдеги алдыдагы сапарлар, анын ичинде ЕККУнун башкы катчысы Феридун Синирлиоглу баштаган өкүлдөрүнүн Кыргызстанга күтүлүп жаткан сапары тууралуу маселелери талкууланды. Кыргыз тарап бул сапарларга ар тараптуу уюштуруучулук колдоо көрсөтүүгө жана өлкө жетекчилиги менен мазмундуу жолугушууларды өткөрүүгө даяр экендигин ырастады.

Мындан тышкары, тараптар ЕККУнун аймактык долбоорлорун, анын ичинде чек ара кызматташтыгы жана Борбор Азияда ишенимди бекемдөө жаатындагы демилгелерди ишке ашыруунун келечеги боюнча пикир алмашышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен ЕККУнун ортосундагы өз ара урматтоо, ачык диалог жана кабыл алуучу өлкөнүн артыкчылыктарын эске алуу принциптерине негизделген өнөктөштүктү мындан ары да өнүктүрүүгө умтуларын ырасташты.

12