7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Экономика менен Транспорт министрлигинин кызматкерлери коррупция менен кармалды

970

Экономика жана каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жооптуу кызматкерлери жана КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз ызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 1-декабрда УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүгү («Коррупция») боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында, ЕАЭБ өлкөлөрүнөн Кыргыз Республикасына керектөөчү товарларды импорттоодо коррупциялык схемаларды уюштуруу фактысы боюнча КР Экономика жана каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жооптуу кызматкерлери, ошондой эле КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин транспорттук көзөмөл пунктунун кызматкерлери кармалышты.

ЕАЭБ өлкөлөрүнөн эл керектөөчү товарлардын “Ак-Тилек” салыктык каттоо пункту жана ушул эле аталыштагы транспорттук көзөмөл пункту аркылуу үзгүлтүксүз өтүшүн камсыз кылуу үчүн акча каражаттарын алуу фактысы боюнча көрүлгөн чаралардын натыйжасында, жогоруда аталган ведомстволордун төмөнкү кызматкерлери кармалып, жеткирилген, алардан маркаланган акча каражаттары түрүндөгү буюм далилдери табылган:

1. Чүй, Талас жана Ош облустары боюнча ЕАЭБ алкагында салыктар менен иштөө боюнча Мамлекеттик салык кызматыны башкармалыгынын талдоо жана мониторинг бөлүмүнүн башкы инспектору “М.Э.Х.”, андан жеке тинтүү учурунда 4 миң сом өлчөмүндөгү маркаланган акча каражаттары табылды;

2. Мамлекеттик салык кызматынын Чүй жана Талас облустары боюнча ЕАЭБ алкагындагы салыктар менен иштөө башкармалыгынын башкы инспектору “Д.А.А.”, андан жеке тинтүү учурунда 6 миң сом өлчөмүндөгү маркаланган акча каражаттары табылды;

3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин транспорттук көзөмөл кызматынын инспектору “А.Н.Т.”, андан жеке тинтүү учурунда 5 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаты табылды, анын 1 миң сому маркаланган акча каражаты;

4. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин “Ак-Тилек” салмак-габариттик көзөмөл пунктунун башкы инспектору “М.А.”

Тинтүү иш-чараларынын жүрүшүндө ЕАЭБдин алкагында Чүй облусу боюнча Мамлекеттик салык кызматынын кыйыр салыктар менен иштөө башкармалыгынын башкы инспектору “Т.К.Н.” “Хонда” үлгүсүндөгү автоунаасынан «Ак-Тилек» Товарларды салыктык эсепке алуу пунктунун айрым кызмат адамдары тарабынан тиешелүү документтери жок же товарлардын баасы төмөн бааланган товарларды тоскоолдуксуз өткөргөндүгү үчүн сыйакы катары системалуу түрдө алынган 114 миң 300 сом накталай акча каражаты табылды. Бул өз кезегинде салык төлөмдөрүнүн жетишсиздиги түрүндө мамлекетке чоң зыян келтирет.

УКМК тарабынан жогоруда аталган адамдардын катышуусунда комплекстүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө, анын жыйынтыгы боюнча алардын аракеттерине юридикалык баа берилип, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин нормаларына ылайык чечим чыгарылат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

971