7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Экономика министри: Кумтөрдө эки жылга жакын убакыт кедей кен казылат

391

Экономика министри Данияр Амангелдиев Кумтөрдө келээрки 2 жыл аралыгында алтынга кедей кен казылаарын эске алуу менен өлкө экономикасынын өсүшү мурда божомолдонгондой 8,2% эмес, 6,2% болоорун билдирди.

Анын айтымында, министрлик тарабынан экономикалык өсүштүн бир нече божомолу даярдалып, өлкө жетекчилигине жана макрокеңешке сунушталган. Алар: 8,4% деген оптимисттик божомол, орточо өсүү темпи менен 7,2% божомол жана 6,2% деген базалык сценарий. Кылдат талдоодон кийин 6,2% базалык божомл иандалып, ошого жараша аракеттер көрүлүүдө.

«Азыр Кумтөрдө иштетилип жаткан кендин көлөмү азайган жок. Учурда алтынга кедей топурак казылууда жана мындай абал дагы эки жылга созулат деген божомол бар. Кен жайы өзүнүн долбоордук кубаттуулугуна 2025-жылдын орто ченинде чыгат. Ошондуктан болжолдонгон көрсөткүчтөрдү аткарууда тобокелчиликтер бар экени эске алынып, экономиканын жыл ичиндеги өсүүсү 6,2% болот», — дейт министр Амангелдиев.

 

392