7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Экономика жаатында 70тен ашык илимий эмгек жараткан Исаков көз жумду

175

86 жашында белгилүү илимпоз, экономика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын мүчө-корреспонденти, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкери — Исаков Кумен Исакович дүйнө салды.

Исаков Кумен 1940-жылдын 7-июлунда Чүй облусунун Кемин районунун Борду айылында туулган.

Билим берүү жана илимди өнүктүрүүгө кошкон көп жылдык натыйжалуу жана активдүү салымы үчүн Исаков Кумен Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер деген наамга ээ болгон. Анын эмгеги Россия Федерациясынын президенти В.В. Путиндин, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн, Кесиптик союздардын Борбордук комитетинин (ВЦСПС) жана башка көптөгөн ведомстволук сыйлыктар менен бааланган.

Ал экономика жана өндүрүштү башкаруу чөйрөсүндө таанымал адис болуп, 70тен ашык илимий эмгектин, анын ичинде 5 коллективдүү монографиянын автору.

Өмүрү жана эмгеги менен Исаков Кумен Кыргызстандын экономика илими жана билим берүү тармагында терең из калтырды.

Үй-бүлөсүнө, жакындарына жана досторуна терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Кумен Исаков менен коштошуу зыйнаты 2025-жылдын 10-октябрында, саат 09:00дө, Ала-Арча 2 районунда, 61-үйдө өтөт.

Жерге берүү зыйнаты Чүй облусунун Кемин районундагы Борду айылында болот.

176