7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жаңылоого 340 млн сом керек. Касымалиев Бишкектеги Ботаникалык бакка барды

313

Бишкек шаарында жайгашккн Э.Гареев атындагы Ботаникалык бакты комплекстүү түрдө жаңылоо үчүн 340 миллион сом керек. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма-сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 9-октябрда Министрлер Кабинентинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ботаникалык бакка барып, жеринен таанышкан. Кароо учурунда Министрлер Кабинетинин башчысы бактын аймагынын жана инфраструктурасынын учурдагы абалы менен жеке өзү таанышты.

Бактын кызматкерлери жана жетекчилиги мурда аткарылган иштер, учурдагы көйгөйлөр, ошондой эле борбор калаанын бул уникалдуу жашыл аймагын сактоо, өнүктүрүү жана модернизациялоо үчүн зарыл болгон кечиктирилгис иш-чаралар жөнүндө толук маалымат беришти.

Кароонун жыйынтыгында Э.Гареев атындагы Ботаникалык бакты толук жана комплекстүү реконструкциялоо үчүн болжол менен 340 млн сом талап кылынары аныкталды.

Адылбек Касымалиев Ботаникалык бактын маанисин өзгөчө белгилеп, бак борбор калаанын тургундары үчүн маанилүү рекреациялык зона гана болбостон, бүткүл Кыргыз Республикасы үчүн негизги илимий-изилдөө базасы болуп саналат деп белгиледи.

Адылбек Касымалиев долбоорду этап-этабы менен ишке ашырууну эске алуу менен реконструкциялоо иштерин каржылоо маселесин иштеп чыгууну тапшырды.

314