Өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы жоюлду. Тиешелүү жарлыкка премьер-министр Улукбек Марипов кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
«Расмий маалыматтарга ылайык, көмүскө экономиканын деңгээли 130 миллиард сомду же ички дүң продукциянын 23,6 пайызын түзөт. Ал эми көз карандысыз эксперттер белгилегендей көмүскө экономиканын көлөмү 24 пайыздан 43 пайызга чейин жетет. Бул Финполдун милдеттеринин толук аткарылбай жаткандыгынан кабар берет.
Мындан сырткары көз карандысыз эксперттер жана бизнес коомчулугунун өкүлдөрү тарабынан Каржы полицциясынын ишмердүүлүгүнө нааразычылыктар айтылып, аталган мекеменин коррупциялашкандыгы жана жеке ишкерлердин ишмердүүлугүнө мыйзамсыз кийлигишүүлөр болуп жаткандыгы айтылууда», — деп жазылат маалыматта.