7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын мурдагы башчысы кармалды

230

Акча каражатын мыйзамсыз алуу фактысы менен Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын мурдагы башчысы кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, УКМКнын коррупцияга каршы кызматы тарабынан ири өлчөмдөгү акча каражатын мыйзамсыз алуу фактысы аныкталганы маалымдалат. 2020-жылдын Жогорку Кенешке депутаттарды шайлоонун алдында Финполдун мурдагы төрагасы Т.Б.Б партиялардын бирине каржылоо керек экендигин айтып, мамлекеттик органдардын биринин жетекчисин ири өлчөмдөгү акча каражатын берүүгө мажбурлаган.

2020-жылдын 10-декабрында шектүү Т.Б.Б кармалып УКМК СИЗОсуна киргизилди.

Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатканы маалымдалат. Шектүүнүн башка ушул сыяктуу аналогиялык иштерге тийиштиги бар иш-аракеттери иликтенип жатканы кошумчаланат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

231