Бишкекте курулуш компаниясынын мурдагы негиздөөчүсү жана башкы директору кармалды. Бул тууралуу 7-каналга шаардык милициядан кабарлашты.
Маалыматка караганда, ал компаниянын башка кызматкерлери менен өз ара сүйлөшүп, батир берүүнү убада кылып, үлүшчүлөргө 61 миллион сомдон ашык материалдык зыян келтирген.
Бул факты боюнча «Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголду.
Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 33 жаштагы Э.Ж. кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Тергөө иштери уланууда.