7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Экс-министр Тилек Токтогазиев «Ата-Мекен» партиясына расмий мүчө болуп кирди

1002

Экс-министр Тилек Токтогазиев “Ата-Мекен” саясий партиясынын жооптуу мүчөсү болуп кирди. Бүгүн, 23-июлда партиянын лидери Өмүрбек Текебаев өзү күбөлүк тапшырды.

Токтогазиев “Ата-Мекен” партиясынын мүчөсү болуу ал үчүн сыймык экенин белгилеп, бүгүнкү күн эң маанилүү, символикалык күн катары эсинде каларын айтат.

Ал эми Өмүрбек Текебаев, Тилек Токтогазиев өлкөнүн саясатына активдүү катышканын, “Октябрь революциясынын” лидерлеринин бири жана өкмөттүн мүчөсү, айыл чарба министр болгонун эске алып: “Эми ал өзүнүн саясий иш-аракеттерин биздин партия менен расмий түрдө байланыштырууну чечти. Сүйлөшүүдө ал жакшы ойлонуп чечим чыгарганын, 30 жылдык өмүрүн Ата-Мекенге арнаганга даяр экендигин айтты”, — деп кошумчалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1003