7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош: «Экстремист» аталышындагы рейд 5-январда болгон карактоонун бетин ачты

811

Кечээ, 20-октябрь күнү Ошто  экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан «Экстремист» аталыштагы ыкчам иш чара болуп өттү.

Иш чаранын жүрүшүндө, Кара-Суу районунун тургуну 36 жаштагы Х. Ш.  2021-жылдын 5-январында түнкү саат 02:00 чамасында белгисиз 2 адам беткапчан бастырып кирип, бычак менен коркутуп, үйүндөгү 300 000 миң сомдук алтын буюмдарын жана уюлдук кол телефонун карактап тартып алып кетишкенин билдирген.  Ошондой эле окуя ошол эле күнү Кара-Суу РИИБинде катталып, бүгүнкү күнгө чейин кылмыштын бети ачылбай келгенин айткан.

Ыкчам иш чаралардын жүрүшү менен окуя боюнча маалыматтар алынып, аталган кылмышты жасаган атуулдардын өздүктөрү такталып, мурда бир нече жолу соттолгон 34 жаштагы Х. Ф. жана 28 жаштагы М. уулу Ф. экөө биргеликте жогорудагы кылмыш ишин жасагандыгы аныкталган.

Алардын жүргөн жерлери такталып, Ош ОИИБдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалган жана далил буюм катары каракталган алтын буюмдар алынды.

Тергөөнүн жүрүшүндө Жазык кодексинин 202-беренеси (каракчылык) менен шектүү катары кармалышып, Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилишкен.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

812