7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Экстремизм, наркотрафикке каршы күрөшүүдө ИИМ Түркмөнстан менен кызматташат

348

Ашхабадда өтүп жаткан Борбордук Азиядагы мамлекеттердин башчыларынын кеңешмесинин алкагында Ички иштер министри Улан Ниязбеков Түркмөнстандын ички иштер министри Овездурды Ходжаниязов менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуу учурунда, Түркмөнстан географиялык жактан Ооганстанга жакын жайгашкандыктан түркмөн кесиптештер баңгизатка каршы күрөшүү боюнча активдүү иштерди жүргүзүп жаткандыгын белгилешти.

Мындан сырткары эки өлкөнүн ички иштер министрлеринин жолугушуусунда кылмыштуулукка, экстремизмге, баңгизаттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү жаатында кызматташтыкты күчөтүү маселелери талкууланды.

«Ааламдашуу процесси бир убакта кылмыштуулуктун трансформациясына да таасир этип, кылмыш дүйнөсү барган сайын технологиялык жактан өнүгүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн активдүү пайдаланышууда. Ошондуктан, уюшкан кылмыштуулукка, экстремизмге жана наркотрафикке каршы күрөшүү көптөгөн өлкөлөрдүн, өзгөчө чек арага жакын жана коңшу мамлекеттердин укук коргоо органдарынын биргелешкен аракеттерин талап кылууда. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги коңшу өлкөлөр менен улуттар аралык уюшкан кылмыштуулукка жана баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы аракеттенүүгө өзгөчө маани берет», — деди Улан Ниязбеков.

Жолугушуунун соңунда тараптар кылмыштуулукка каршы күрөштө кызматташууну күчөтүүгө кызыктар экенин ырасташты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

349