7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эл аралык издөөдө жүргөн террордук уюмдун мүчөсү кармалды

844

Талас облусунан «Күрдистан жумушчу партиясы» ЭТУнун күжүрмөн канатынын мыйзамсыз куралдуу түзүмдөрүнүн катарында Сирия-Ирак зонасында согуштук аракеттерге катышкан, эл аралык издөөгө алынган аталган уюмдун айрым мүчөлөрү аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын УКМК кызматы Россия Федерациясынын атайын кызматтары менен биргеликте террордук уюмдун мүчөсү кармалды. Ал 2021-жылдын 16-октябрында Россия Федерациясынын Москва шаарынын аймагында жасалма документтердин негизинде из жашырып жүргөн. Кармалган жаран Талас облусунун тургуну “С.О.О” экени аныкталды.

Үстүбүздөгү жылдын 12-декабрында эки тараптуу келишимге ылайык, издөөдө жүргөн жаран кыргызстанга экстрадицияланды.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 250-беренеси (Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууларга же согуштук аракеттерге катышуусу же террористтик даярдыктан өтүүсү) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бердиктүү реестрине катталып, тергөө жүрүүдө.

Азыркы тапта бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган иш-чаралар улантылууда.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

845