7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эл аралык студенттик театр фестивалы жыйынтыкталды

201

Үстүбүздөгү жылдын 18-апрель күнү Бишкек шаарында Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги, Б.Бейшеналиева атындагы КУМИУ, Театр ишмерлер союзу менен биргеликте уюштурган “Жаңы ысымдар” XI эл аралык студенттик театр фестивалы жыйынтыкталды.

СССРдин эл артисти Бүбүсара Бейшеналиеванын 100 жылдыгына арналган фестивалга Россия, Түркия, Өзбекстан, Казакстан, Азербайжан, Кыргызстан өлкөлөрүнүн искусство окуу жайларынын театр факультеттеринин студенттери катышып төмөнкүдөй ийгиликтерге ээ болушту.

Башкы байге:

  • Б.Бейшеналиева атындагы КУМИУнун театр факультетинин 3-курсунун студенттери “Каткелди» спектакли.

1-орун

  • Б.Бейшеналиева атындагы КУМИУнун театр факультетинин 5-курсунун студенттери “Кашаба спектакли;

    Т.Жургенов атындагы
    Казак улуттук өнөр академиясынын студенттери “Гамильтон» спектакли

2-орун

  • Өзбекстан мамлекеттик искусство жана маданият институту “Тагдыр эшиги» спектакли менен;
  • Орусия театралдык окуу жайынын студенттери»Белкиндин повесттеринин негизинде атылган ок» спектакли.

3-орун

  • Б.Бейшеналиева атындагы КУМИУнун театр факультетинин 2-курсунун студенттери “Таштабачы апаке» спектакли;
  • Азербайжан мамлекеттик маданият институтунун студенттери “Винета же чөгүп кеткен шаар» спектакли менен ээ болушту.

“Мыкты ансамбль” номинациясы менен:

  • Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы Театралдык окуу жайы “Бетме бет” спектакли;
  • Түркиянын Мимар Синан атындагы искусство окуу жайынын студенттери “Эшик артында” спектакли менен ээ болушту.

Аталган эл аралык фестиваль 11 жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келет.

202