7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эл аралык террористтик жана диний экстремисттик уюмдун мүчөлөрү аталган уюмдан баш тартты

500

Эл аралык террористтик уюмдун, Диний-экстремисттик уюмдун мүчөлөрү тандап алган уюмунан баш тартышты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК абактарда жазасын өтөп жаткан эл аралык террористтик уюмдардын мүчөлөрүн жана жактоочуларын ынандыруу боюнча иш алып барууда.

Көрүлгөн профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында, Сирияда эл аралык террористтик уюмдардын катарында диверсиялык жана террористтик даярдыктан өткөн, КРнын жарандары, Нарын облусунун Нарын шаарынын 1985-жылы туулган Б.Б.С. аттуу тургуну жана 1988-жылы туулган Нарын облусунун Он-Арча айылынын Ж.А.Б. аттуу тургуну радикалдуу көз караштардан эл алдында баш тартышканын билдиришти.

Тиешелүү иш-чаралардын натыйжасында бул адамдар тандап алган диний багытын туура эместигин моюнга алып, КРнын Эл аралык террористтик уюмдун/Диний-экстремисттик уюмдун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз кайрылууларына алданбоого чакырышты.

Учурда аталган уюмдун ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштерди улантууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

501