7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дипломатиялык мамилелерге 30 жыл. Азербайжандын президенти Садыр Жапаровду куттуктады

322

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду Азербайжан менен Кыргызстандын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады.

«Азербайжан элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди жана бир тууган элиңизди маанилүү дата – Азербайжан менен Кыргызстандын дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөнүнүн 30 жылдыгы менен чын жүрөктөн куттуктайм жана эң жакшы каалоолорумду билдирем.

Биздин өлкөлөрдү байланыштырган терең тарыхый, маданий жана руханий тамырлары боордош Кыргызстан менен достук жана кызматташтык мамилелерине өзгөчө маани берүүнүн маанилүү курамы болуп саналат.

Мындан отуз жыл мурда ушул бекем пайдубалга түптөлгөн, өзгөчө акыркы жылдары өнүгүп, стратегиялык өнөктөштүктүн деңгээлине жеткен мамлекеттер аралык мамилелер терең канааттануу сезимин жаратууда.

Өз ара визиттер, үзгүлтүксүз байланыштар жана кол коюлган документтердин олуттуу пакети биздин кызматташтыгыбызды өнүктүрүүнүн жогорку динамикасын айгинелейт.

Айрыкча өткөн жылы бир тууган өлкөлөргө жасаган биздин иш сапарларыбыз эки тараптуу мамилелерди сапаттык жаңы деңгээлге көтөрүүдө маанилүү роль ойноду.

Сиз менен Бакуда да, Бишкекте да болгон талкуулар, анын ичинде жетишилген макулдашуулар жана бир катар маанилүү документтерге кол коюлганы азербайжан-кыргыз өнөктөштүгүн бардык тармактарда өнүктүрүүгө да, аны жаңы мазмун менен байытууга да керектүү түрткү бергени абдан кубандырат.

Азыркы этапта биздин өлкөлөрүбүздүн ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыктын масштабын кеңейтүү үчүн түзүлгөн жагымдуу шарттарды натыйжалуу пайдалануу менен биз өз ара мамилелерибиздин ого бетер бекемделишине, ошондой эле эки тараптуу деңгээлде да, көп тараптуу форматта да өз ара аракеттенүүнүн мындан ары да тереңдешине жетишебиз деп ишенем», — деп айтылат Азербайжандын Президентинин куттуктоосунда.

Ильхам Алиев Садыр Жапаровго чың ден соолук, бакыт-таалай жана ишинде ийгиликтерди, ал эми боордош кыргыз элине бакубатчылык жана өнүгүү каалады

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

323