7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
-6°C

Кумтөрдүн мурдагы аткаруучу директору Канат Курманов кармалды

451

«Кумтөр голд компани» ишканасынын аткаруучу директору Канат Курманов 2023-жылдын 14-январында «Манас» аэропортунда чек арадан өтүүгө аракет кылган учурда кармалды. Бул тууралуу 7-каналга Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы тастыктады.

«Ал Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгына жеткирилген. Соттун чечимине ылайык, Курманов Бишкектеги СИЗО-1ге киргизилди.Учурда аталган иш боюнча териштирүү иштери уланууда»,- деп берилет маалыматта.

Эске сала кетсек, Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгы тарабынан «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомундагы коррупциялык кылмыштар фактысы боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында аталган компаниянын мурдагы директору Курмановго издөө жарыяланган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

452