7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эл аралык уюмдардын жетекчилери кыргыз элине куттуктоо телеграмын жөнөтүштү

466

Эл аралык уюмдардын жетекчилери кыргыз элине куттуктоо телеграмын жөнөтүштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

«Тынчтыктын жана ынтымактын символу болгон ыйык Орозо айт майрамы Түрк дүйнөсүндөгү боордоштук мамилелерди чыңдай берсин. Түрк Кеңешинин мүчөлөрүнүн ортосундагы байланыш жана кызматташтык мындан ары да бекемделет жана кеңейет деп ишенем», — деп белгилейт Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) Башкы катчысы Багдад Амреев өзүнүн куттуктоосунда.

«Сизди, Садыр Нургожоевич улуу Орозо айт майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Кыргыз элине тынчтык, бакыт-таалай жана бакубат жашоо каалайм», — деп айтылат Эл аралык Түрк академиясынын президенти Дархан Кыдыралинин куттуктоосунда.

«Биз Алладан Кыргызстандын өсүп-өнүгүүсүн тынбай тиленебиз, ошондой эле жалпы ислам үммөтүнө тынчтык жана эсенчилик каалайбыз», — дейт Ислам кызматташтык уюмунун (ИКУ) Башкы катчысы Юсуф Бин Ахмед Аль-Усеймин куттуктоо катында.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

467