Лейлек районунун Бешкент айыл өкмөтүнүн башчысы Кубат Мусаев мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга берилген жерди үчүнчү жактарга сатып жиберген. Бул тууралуу жабырлануучунун бир тууганы Сабыржан Зиебодинов «7-каналдан» редакциясына кайрылды.
Маалыматка ылайык, жер тилке жабырлануучунун мүмкүнчүлүгү чектелген агасы менен эжесине мамлекеттен берилген.
“Айыл өкмөт башчысы Кубат Мусаев жерди биздин макулдугубузсуз башка адамга сатып жиберген. Эми ал бизди коркутуп-үркүтүп, жер тилкени кайрадан каттоодон өткөрүүгө мажбурлап жатат. Жер базар баасы менен 1 миллион сом турат, а ал бизге 80 миң гана берем деп жатат. Ал эми жердин кызыл китеби сатып алган кишинин үйүнөн табылды. Биз милицияга да кайрылдык. Биздин көйгөйүбүз президент менен УКМКнын жетекчисине жетишин каалайбыз” , — дейт ал.
Жер сатуу боюнча аталган айыл өкмөт башчысына 320-берене менен иш козголгон. Ошондой эле иштин материалдары Лейлек райондук сотуна жөнөтүлгөнү белгилүү болду.
Белгилей кетсек, соттук процесс 16-декабрга белгиленген.
Посмотреть эту публикацию в Instagram