Каганат доору күчүнөн тайып, таалимдүү кадырынын өтүмү да, таасирлүү кандарынын өкүмү да белес ашпай, белбоо бошоду. Эл ичи эрте күндү кеч кылып, эзиле бышкан этке ыктап, эртеңкинин эмкамы эстен чыга баштаганда эл жакшылары дөбөгө чогулушту.
Өз ара кеңешкенден кийин: «Кан көтөрөлү» деген чечимге келишет. Ууга чыгып, жон аркасын жолборско бастырып жоболоң өлүмгө дуушар болгон Зымырхандын тизгин улап, тиреше чоңойгон үч уулун ортого чакырышып, ар бирине бирден кап беришет.
«Эл ээси болуш үчүн калктын кампасына ар бириң эмне саласыңар, ошо толтурчу нерсеңерди көтөрүп алып эртең келгиле» — деп жөнөтүштү.
Эртеси эл алдында улуусу кабынын боосун чечип, салып келген топуракты төгүп: «Жери жок эл болбойт, жерге эгедер эл эзели эч кимден кем болбойт» дегенде бүкүлү журт кубанычта болот.
Экинчиси кабынын байламтасын чечип, тамак-аш, алтын, күмүш, зер буюмдарын төгүп: «Элдин курсагы ток, кийими бүтүн, мал-жаны болуш керек» дегенде буга да журт ыраазы болот.
Үчүнчүсү кабынын оозун чечип, ичинен кыргыздын жомогу, тарыхы, нарк-насили, каада-салты жазылган үч китепти алып чыгып: «Эгер эл тарыхын билбесе, алдындагы багытын көрбөсө, Наркын тутпаса, «Манасын» укпаса, каада-салтсыз болсо ЖУУЛГАН КОЛДУН КИРИ БОЛОТ, ЖОГОЛГОН ЭЛДИН БИРИ БОЛОТ» дегенде жөндүү сөз үчүн жөө кете берген эл аябай ыраазы болуп, эң кенжесин хан көтөрүшүптүр. Наркыбызды жомок деп жолдон адашпайлы!