7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
12°C

Эл театрга Таттыбүнү көрүш үчүн келчү. Атактуу актрисанын аянычтуу тагдыры

391

Актрисанын жашоосунда атак-даңкы менен кошо атаандашуу, ушак-айың, көралбастык да коштоп жүргөн. Эл сүйгөн атактуу актриса Таттыбүбү Турсунбаева жөнүндө бул макаладан окуй аласыздар.

1.Легендарлуу актриса, кыргыз театры менен киносунун чолпон жылдызы Таттыбүбү Турсунбаева — 1944-жылы 12-июлда Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айылында төрөлгөн.
2. Билими: Актриса 17 жашында Ташкенттеги А.Н.Остров институтунун «Драма жана кино актеру» факультетине тапшырып, 1966-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын группасына кирген.
3. Кылымда бир жаралчу талант 1960-жылы 16 жашында “Салиманын ыры” аттуу кыска метраждуу тасмада биринчи жолу тартылган.
4.Ал сулуулугу менен бүтүндөй элди өзүнө тартып, суктандырган. Аны «сахна ханышасы» деп эл арасында айтып келишет. Ошондой эле, “Ак Мөөр” фильминен соң Таттыбүбү Турсунбаеваны кыргыздар “Соң-Көл чүрөгү”, «Ак куу» деп да айтышат, анткени кыргыз маданиятында ак куу эң эле татынакай жана назик куш. Ак куунун мойуну узун жана Таттыбүбүнүн дагы мойуну узун болгон. Анын ийилген кирпиктери, ажарын төккөн жүзү, өрүлгөн узун чачтары дагы эле Кыргызстандын ар бир атуулун суктандырат.
5.Тилекке каршы, анын өмүрү кыска болгон. Ал 37 жыл гана өмүр сүргөн. Ал көз жумганда курсташы Жумабек Козукеев мүрзөсүнүн башында “Токтолуп сокпой жүрөгү,Соң-Көлдүн кетти чүрөгү” деген ыр саптарын окуган. Бирок, Таттыбүбү Турсунбаева бул жарыкчылыктан эрте кетсе да, анын элеси бул дүйнөдөн кеткен жок. Таттыбүбүнүн элеси сахнанын жана сулуулуктун турмушунда жашап келе жатат.
6.Таттыбүбү ролдорду аткарганда, башкалардай көркөмдөбөстөн, жөнөкөй, турмуштагыдай ойночу экен. Ошондон улам, жагымдуу тембри, ачык дикциясы, улуттук акценти, аткаруу манерасы, жүрүм-туруму жүрөккө жетимдүү болгон дешет.
7.Таттыбүбү Турсунбаеванын чыгармачылыгы. Театрда дүйнөлүк жана советтик классикасынан У.Шекспир, Лопе де Вега, Г.Лорка, Ч.Айтматов, М.Карим жана Е.Шварцтын чыгармалары боюнча сахнага 30 дан ашуун эстен кеткис ролдорду ойногон. Алар: Жульетта (“Ромео жана Жульетта”), Амелия (“Бернарда Альбанын үйү”), Фелисьяна (“Бий мугалими”), Асел (“Делбирим”), Анвар (“Фудзиямадагы кадыр түн”) ж.б. Ошону менен бирге кинодо да унутулгус элестерди жараткан.
8. Ал Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти, СССР кинематографисттер союзунун жана Кыргызстан кинематографисттер союзунун мүчөсү.
9.Кыргыз театрынын тарыхында 60-70-жылдары элдин көбү театрга Таттыбүбүнү көрүш үчүн келээр эле деп айтылат.

10. Актрисанын жашоосунда таш жарган атагы менен кошо атаандашуу, ушак-айың, көралбастык да коштоп жүргөн. Жатындаш агасы Нуркан Турсунбаевдин айтымында 22 жашында, жаңыдан гүлдөй ачылып келе жатканында Ак Мөөрдүн образын жаратып, Ленин комсомолу сыйлыгына көрсөтүлгөн. Бирок орто жолдон бут тоскондордун көксөөсү канып, сыйлыкты ыйгарбай коюшат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

392