7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эл турмушун жакшыртпаган акимдер керт баштары менен жооп беришет

1275

«Эл турмушун жакшыртуу үчүн жер-жерлерде акимдер керт башыңар менен жооптуу болосуңар», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, бүгүн, 21-октябрда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилеринин республикалык кеңешмесинде.

Мамлекет башчысы белгилегендей, мамлекеттик башкаруу системасын бүгүнкү күндүн талабына ылайык реформаланып, “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзамына кол койулду. Бул мыйзам өкмөттүн ишине стабилдүүлүктү алып келет.

«Мыйзам негизинде район акимдерине тиешелүү укуктар берилди. Эми ыйгарым укуктардын негизинде жигердүү иштөөгө мыйзамдык шарт түзүлдү. Эл турмушун жакшыртуу үчүн жер-жерлерде акимдер керт башыңар менен жооптуу болосуңар. Себеби ар кандай шылтоо айтууга эми негиз жок. Анткени мыйзам менен райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары-акимдерге бир топ кошумча ыйгарым укуктар берилип жатат! Ал укуктар көптөгөн маселелерди райондук деңгээлде чечүүгө шарт түзөт.

Аталган мыйзамдар күчүнө киргенден баштап, урматтуу жетекчилер, өзгөчө райондук жетекчилер иштөө ыкмаңарды өзгөртүп, жаңыча иштеңиздер! Элдин көйгөйлүү маселелери райондо чечилиши керек! Мындан ары жер-жерлерден келген кайрылууларды жергиликтүү бийликтин кемчилиги катары кабыл алып, тиешелүү чараларды көрөбүз!», — деди Президент Садыр Жапаров.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1276