7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Элчи Кадыркулов: «Украинада кырдаал курч бойдон калууда. Өмүрүңөрдү тобокелге салбагыла»

731

Азыркы учурда Украинада кырдаал курч бойдон калууда, ракеталык-бомбалык соккулар Украинанын бүт аймактарында уланышы мүмкүн деген кооптонуу бар. Бул тууралуу Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов билдирди.

«Техникалык себептерден улам бул жердеги баракчама кирүүгө мүмкүнчүлүк болбой жатты. Суроолордун басымдуусу Украинадагы азыркы абал, Кыргызстандыктардын ахыбалы жана Элчилик кайсы шаарда экени болууда. Азыркы учурда кырдаал курч бойдон калууда, ракеталык-бомбалык соккулар Украинанын бүт аймактарында уланышы мүмкүн деген кооптонуу бар. Биздин Элчилик, башка өлкөлөрдүн миссиялары менен катар, Киев шаарында толугу менен штаттык түрдө кызматын толук аткарып жатат. Биздин жарандар менен күнү-түнү байланыштабыз жана консулдук тейлөө үзгүлтүксүз аткарылууда. Украинадагы мекендештерибизге дагы бир ирет кайрылам — өмүрүңөрдү тобокелге салбагыла, жеке коопсуздук талаптарды аткарып, коопсуз жерде калууну улантыңыздар!»,-деген ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

732