7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Элчи Өмүралиев Түркиянын соода министри Мехмет Муш менен жолугушту

760

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын соода министри Мехмет Муш менен жолугушту. Бул тууралуу Түркиядагы элчиликтин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Түркияга расмий иш сапарын, ушул жылдын жай айында өтө турган Соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 10-жыйынын өткөрүү жана башка маселелерди талкуулашты.

Элчи Өмүралиев Мехмет Мушка Кыргызстандагы ишкерлер үчүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөр жана биздин өлкөнүн энергетика тармагындагы потенциалы жөнүндө маалымат берип, ВСП + программасынын алкагында Европа Биримдигинин базарына кыргыз продукциясынын 6 200 түрүн бажы салыгы жок экспорттоо мүмкүнчүлүгүн белгиледи.

Белгилей кетсек, элчи ЕАЭБдин башка мүчөлөрү менен макулдашкандан кийин Түркия менен жеңилдетилген соода жөнүндө келишимге кол коюу мүмкүнчүлүгү бар экенин баса белгиледи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

761