13 жаштагы Акимжанов Жоробек үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 14-июнь күнү Жалал-Абад шаарынын Живпром участкасынын тургуну 2008-жылы туулган Акимжанов Жоробек Асылжанович чоң энесинин үйүнө чыгып кеткен бойдон дайынсыз.
Белгилери: Бою 150-155 см, өңү ак жүздүү, чачы кыска кара, орто дене түзүлүштө.
Кийген кийимдери: Үстүндө боз түстөгү футболка, башында кызыл түстөгү кепка, бутунда ак түстөгү жайкы бут кийим болгон.
Белгилей кетсек, дайынсыз болуп жаткан Акимжанов Жоробек тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо биздин дарекке кабарлап коюуңуздарды суранабыз. Тел: (03722) 102, 0555 10 23 05, 0771 93 60 70.