Бүгүн, 15-июнда УКМК тарабынан, алдамчылык фактысы боюнча кармалган «Карвен групп» компаниялар ассоциациясынын ээси Генрих Баляндын баш коргоо чарасы каралды. Биринчи Май райондук соту, аны 15-августка чейин үй камагында калтырды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызмат билдирди.
Мурдараак, Балян мамлекеттик бюджетке 60 млн сом төлөгөндүгүн УКМК тастыктаган болчу.
«Карвен групптун» негиздөөчүсү Генрих Балян алдамчылык фактысы боюнча кармалганы тастыкталды