7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ТИМ: Артыкбаев «Хидайя» экстремизмге каршы күрөшүү борборунун жетекчиси менен жолукту

375
16-июнда Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев «Хидайя» Эл аралык Зордук-зомбулукка каршы күрөшүү борборунун директору, Абу-Даби Эмиратынан БАЭ Федералдык Улуттук Кеңешинин мүчөсү жана Коргоо, ички жана тышкы иштер боюнча комитетинин төрагасы доктор Али Рашид Аль-Нуайми менен жолугушту.
Тараптар терроризмге жана экстремизмге каршы туруу маселесин талкуулашты, ошондой эле бул чакырыктар адамзаттын жана дүйнөнүн туруктуулугуна жана коопсуздугуна коркунуч туудуруп жаткандыгын тастыкташты.
Министрдин орун басары А.Артыкбаев экстремизмдин жана терроризмдин алдын алуунун негизи диний сабаттуулуктун деңгээлин жогорулатуу экендигин жана Кыргызстан «Хидайя» Эл аралык борборунан кыргыз дин тутумунда тиешелүү илимий методологияны калыптандыруу боюнча тажрыйба топтоого көмөк күтɵɵрүн белгиледи.
Министрдин орун басары Айбек Артыкбаев жана Эл аралык борбордун директору Али Аль-Нуайми Кыргызстан менен «Хидайя» зомбулук экстремизмине каршы күрөшүү боюнча эл аралык борборунун мындан аркы кызматташтыгы жөнүндө келишим түзүштү.
«Хидайя» — эл аралык борбору диалог, баарлашуу, потенциалды жогорулатуу программалары, изилдөө жана талдоо аркылуу зордук-зомбулукка жол берген экстремизмге каршы туруу үчүн билимин жана тажрыйбасын колдонуучу алдыңкы эл аралык уюм. Уюм зомбулук экстремизмдин алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча Улуттук иш-аракеттер планын иштеп чыгууга өкмөттөрдү жана улуттук кызыкдар тараптарды колдоо боюнча чоң тажрыйбага ээ жана бул жаатта глобалдык лидер катары таанылган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

376