Алдамчылык фактысы боюнча «Карвен групп» компаниялар ассоциациясынын ээси кармалганы тастыкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
УКМК тарабынан өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыз кылууга, анын ичинде мамлекеттик үлүшү бар коммерциялык структуралардагы коррупцияны аныктоого жана бөгөт коюуга багытталып жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, өзгөчө ири өлчөмдө каражаттарды алуу фактысы аныкталды.
КР Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү (Алдамчылык) боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө, «Карвен групп» компаниялар ассоциациясынын ээси Генрих Балян мамлекеттик үлүшү бар банктардын биринин жооптуу кызматкерлери менен бирге 2,3 миллион доллар өлчөмүндө жасалма адамга ири насыя алыш үчүн, 670 000 доллар өлчөмүндө өтө жогору бааланган ликвиддүү эмес кыймылсыз мүлктү күрөөгө койгондугу аныкталды.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө Генрих Балян жогоруда аталган кыймылсыз мүлк, ага жеке менчик катары таандык болгондуктан, насыяга алуу үчүн күрөө катары, кайтарып берүүсүз, Генрих Балян тапшырмасы менен 2,3 миллион доллар өлчөмүндө каражаттар алынгандыгы боюнча далилдер алынды.
Алынган далилдердин негизинде ушул жылдын 15-июнунда Генрих Балян аттуу жаран ушул кылмышка шектүү катары кармалып, Кыргыз Республикасынын УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, жакынкы аралыкта ага карата баш коргоо чарасын кароо маселеси каралат.
Белгилей кетсек, мурда ушул кылмыш ишинин алкагында, аталган кылмыш ишин жасоого түздөн-түз тиешеси бар делип аталган банктын башкармалыгынын төрагасынын мурдагы орун басары А.К. кармалган.
УКМК Karven компаниясынын негиздөөчүсү Генрих Балянды камакка алды