Кыргызстанда акыркы сутка ичинде 647 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу штабдан билдирди.
Алар:
- Бишкек шаарында – 257 адам;
- Ош облусунда – 120 адам;
- Ош шаарында – 118 адам;
- Чүй облусунда – 73 адам;
- Жалал-Абад облусунда – 26 адам;
- Баткен облусунда – 23 адам;
- Ысык-Көл облусунда – 15 адам;
- Нарын облусунда – 9 адам;
- Талас облусунда – 6 адам.
Ал эми бир суткада 308 адам илдеттен сакайды, анын ичинде:
- Бишкек шаарында – 145;
- Ош шаарында – 36;
- Чүй облусу – 42;
- Ош облусу – 17;
- Талас облусу – 4;
- Нарын облусунда – 8;
- Ысык-Көл облусу – 31;
- Жалал-Абад облусу – 22;
- Баткен облусу – 3 адам.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 2, Ош шаары – 1, Чүй облусунда – 1, Ош облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда – 2, бейтап каза болду.
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 49 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 969 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 699 медкызматкер айыгып чыкты.
Эскекрте кетсек, Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 111 миң 990 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 103 миң 565 киши айыгып чыкса, 1 миң 912 адам каза болду.