7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткен облусунда 20 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

722

Баткен облустук прокуратурасы тарабынан баасы 19 млн 200 000 сом болгон 10 га жер тилкеси Кара-Бак айыл өкмөтүнүн балансына кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура маалымдайт.

Маалыматка ылайык, Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, аталган айыл өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-октябрындагы Кыргыз Республикасынын жер мыйзамынын талаптарын бузуу менен кабыл алынган токтомунун негизинде А.Н. аттуу жаранга 10 га жер тилкеси мыйзамсыз ажыратылып берилгендиги аныкталды.

Мыйзамсыз жеке менчикке берилген жер тилкени кайтаруу максатында прокурордук акты келтирилип, жогорудагы токтом жокко чыгарылган жана 10 га жер тилке муниципалдык менчикке кабыл алынды.

Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен топтолгон материалдар Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 320-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

723