7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Марипов Өкмөт башчылыгына келгенден бери эмне иш кылды? 100 күндүн отчётун жарыялады

763

Улукбек Марипов Өкмөт башына келгенден кийинки 100 күндүн отчётун жарыялады. Бул аралыкта 4 чоң долбоордун иши алгылыктуу жолго коюлган.

Өлкө аймагында  «open space» форматындагы 7 калкты тейлөө борбору ачылды.

  • Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Теплоключенка айылында,
  • Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ат-Башы айылында,
  • Бишкек шаарында мурдагы «Эльдорадо» соода борборунун имаратында,
  • Баткен облусунун Лейлек жана Кадамжай райондорунда,
  • Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунда.

3-майдан тарта жаңы үлгүдөгү жалпы жарандык паспорт алууга анкета-арыздарды кабыл алуу башталды. Бүгүнкү күнгө карата жалпы жарандык паспорт даярдоого 72 989 анкета-арыз кабыл алынган. 39 236 биометрикалык чет элдик паспорт даярдалган.   Белгилей кетсек, банк төлөмдөрүн эске албаганда 50 барактан турган паспорт 920 сомду түзөт,  34 барактан турган паспорт 857 сомду түзөт.

 1-апрелден тарта транспорттук каражаттардын электрондук паспорту тутуму киргизилген. Бул тутум автоунаанын даярдалган учурунан тарта, Бажы биримдигинин аймагына импорттолгон учурду кошо алганда утилдештирүүгө же республиканын чегинен тышкары экспорттоого чейинки таржымалын көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Бул унаа сатуу же сатып алуу процессин коопсуздандырууга көмөк берет. Жалпысынан буга чейин 12 унаага паспорт берилген. 

29-июндан баштап жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында «Санарип аймак» тутумун баскычтуу ишке ашыруу жүрүп жатат. Бул иштин алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 1506 кызматкери окутулду. 2021-жылдын 19-майына карата өлкө боюнча 484 айыл өкмөтү «Санарип аймак» автоматташтырылган маалымат тутумуна туташтырылып, 446 554 үй чарбасы жана 1 517 052 жаран катталган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

764