Энергетика жана өнөр жай министрлиги министрлер кабинетинин 2021-2025-жылдарга электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясат жөнүндө токтом долбоорун коомдук талкууга койду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин расмий сайтына билдирди.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын сентябрь айынан баштап электр энергиясына болгон баа бир киловатт саатына 1 сом 9 тыйындан эсептелип баштайт. Эгерде миң киловатт сааттан ашса, анда 2 сом 52 тыйындан эсептелет.
Мындан тышкары талкууга коюлган токтом долбоорунда ишканалар, социалдык жана балдар мекемелери жана башка үй-бүлөлүк эмес керектөөчүлөр үчүн атайын тариф иштелип чыккан.
Учурда жарандар электр энергиясынын бир киловатт саатына 77 тыйындан төлөшөт.