Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан кийин Баткен облусун калыбына келтирүү үчүн бюджеттен 700 млн сом бөлүнөт. Бул тууралуу парламенттин жыйынында экономика жана финансы министринин орун басары Айдин Шаршеев билдирди.
«Учурда 200 млн сому бөлүнүп берилди. “Бул каражат негизинен жаңжалда жабыркаган инфраструктураны (суу, свет, жол) калыбына келтирүүгө жумшалат. Кыйраган үйлөрдү куруу жеке сектордун эсебинен каржыланат. Ошондой эле, министрлер кабинети башка берене менен жабыркагандар – каза болгон үй-бүлөлөргө – 1 млн сомдон, жабыркагандарга – 50-100 миң сомдон кенемте төлөйт”,-деди ал.
Белгилей кетчү жагдай, Баткен аймагында жалпы 136 турак үй жана 84 объект күйүп жабыркаган. Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жалпы 190 кыргызстандык жабыркап, 36 адам набыт болгон.