Бүгүн, 15-июнда Бишкектеги белгилүү Karven спорт клубу жана Karven Four Seasons эс алуу борборунун негиздөөчүсү Генрих Балян мамлекеттик бюджетке ири өлчөмдө зыян келтирүүгө шектелип кармалды.
Бул тууралуу күч түзүмдөрүндөгү булактар кабарлады. Ал эми УКМК азырынча расмий маалымат тарката элек.
Маалыматка ылайык, Генрих Балян мамлекетке 2,5 млн долларлык зыян келтирген.
Учурда ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Эске салсак Генрих Балян Венгриянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси болгон.
Ал Орто Азия аймагындагы эң таасирдүү байлардын катарын толуктайт.