7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Депутат Бакиров соттолгондугу тууралуу макалага жооп жазды

735

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров, «Хуйман» деп күлкү болгон депутат Өмүрбек Бакиров мурда соттолгонбу?», — деген биздин сайттын макаласына бүгүн жеке баракчасы аркылуу жооп жазды.

Депутат, соттолгондугу тууралуу маалыматты четке кагып, тескерисинче, СДПКны жетектегеним үчүн менин атыма мурда болуп көрбөгөндөй чоң саясий каралоо жүрүп жатат деген.

«2010-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына оппозициялык Ата-Журт партиясынан талапкерлигимди койгон элем. Соттолгонум чын болсо ошондоле талапкер кылып каттамак эмес. Андан кийин 2015-жылы, жана 2020-жылдары да талапкер болгом. Мыйзам боюнча ар бир партия талапкерлерине мурда соттолбогону тууралуу ИИМден справка алып, анан БШК аны талапкер кылып каттайт эмеспи.
Сиздерге ачык эле айтайын СДПК фракциясын убактылуу жетектеп калгандан бери кээ бир саясий күчтөр атайын саясий оюндарды жасап жатканын биз билип эле турабыз», — дейт.

Депутат, антип  кымырынып актанган менен, окуянын күбөлөрү маалыматтын чындыка дал келээрин ачыкташат.

2010-жылы апрель окуяларынан кийин саясатташкан айыптоолор болгону көпчүлүккө маалым. Кийин бийлик алмашып, акталган элем десе, чындыка дал келмек.

Өзү белгилеп өткөндөй, СДПК партиясын жетектеп калгандан бери, өзүн арстан сезип, көлөкөсү душман көрүнүп калган өңдүү.

Кантсе да, 7-канал эч качан «Журналисттик этикадан» аттап өтүп, кимдир бирөөгө карасанатайлык менен каралоо жүргүзбөөсүн эске салабыз!

«Хуйман» -деп күлкү болгон депутат Өмүрбек Бакиров мурда соттолгонбу?

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

736