7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Армениянын жасалма документи менен Абхазиядан 8 унаа алып келген жаран кармалды

1059

УКМК: Урматтуу жарандар! ЕАЭБге кирбеген өлкөлөрдөн автоунааларга буйрутма берүүдө жана сатып алууда сак болуңуздар!

Кечээ, 14-июнда «Чалдыбар-Унаажолу» (кыргыз-казак чек арасынын) өткөрүү пунктунда Армения Республикасынын жасалма каттоо документтеринин негизинде Абхазия Республикасынан контрабандалык автоунааларды ташып келе жаткан жаран кармалды.

9-июнунда «Чалдыбар-Унаажолу» өткөрүү пунктунан «Вольво» жүк ташуучу унаа менен 8 жүргүнчү ташыган автоунааны ташып келе жаткан Кыргыз Республикасынын жараны «И.Т.К.» кармалды. Ал Армениянын жасалма документтери менен Абхазиядан унааларды аткезчилик жолу менен алып келген.

Автоунааларды текшерүүдө төмөнкүлөр табылды:

  •  Абхазиянын мамлекеттик автоунаа номерлеринин 8 документи;
  • Абхазиянын автоунааларын каттоонун 8 күбөлүгү;
  • Армениянын мамлекеттик каттоо белгилеринин 10 жасалма документи;
  • Армениянын автоунааларын каттоонун 10 жасалма күбөлүгү;
  • Кыргызсындын УКМК чек ара кызматынын мамлекеттик 1 жасалма номери.

8 автоунаасы менен «Вольво» маркасындагы автотрал, айып унаа токтотуучу жайга киргизилген.

УКМК ЕАЭБ Бажы кодексинин 264 жана 275-беренелерине ылайык, Абхазия Республикасынан бажы жол-жобосуз алынып келинген автоунаалардын иштөөсү мыйзамсыз экендигин эске салат.

Унааны ЕАЭБ аймагына ташып келүүдө, бир жылга берилген убактылуу бажы декларациясын толтуруу керек, андан кийин бул унаа ЕАЭБдин аймагынан чыгып кетиши керек, же бажы жол-жобосунан өтүшү керек.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1060