Интернет желесинде Жогорку Кеңештин жыйынында «Хуйман» деп шылдың болгон депутат Өмүрбек Бакировдун мурда соттолгондугун көрсөткөн маалымат таркап жатат.
Баракчада Оштун мурдагы мэри Айтмамат Кадыбаев, Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаковдор менен биргеликте ИИМ тарабынан издөөгө алынгандыгы жазылган. Анда мезгили так көрсөтүлбөсө да, бул 2010-жылы төңкөрүш учурунда экендиги айтылып жатат.
Себеби, буга чейин Айтмамат Кадырбаевдин төңкөрүш учурунда «Губернатордун кабинетин ээлеп алгандыгы үчүн» издөөгө алынгандыгы тууралуу ММКлар жазып чыккан болчу.
Бул ирет, маселенин чоо жайы башка. Тагыраагы, издөө баракчасына жазылган маалыматка ылайык депутат Өмүрбек Бакиров 353- берененин 2 пунктту менен мурда соттолгон деп жазылат.
353-берене. Жазык-аткаруу тутумунун кызматкеринин талаптарына тобу менен баш ийбөө
1. Жазык-аткаруу тутумунун кызматкеринин мыйзамдуу талаптарына топтолуп баш ийбөөнү уюштуруу, же болбосо өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу менен коштолгон мыйзамсыз аракеттерди жасоого мажбурлоо, ошого тете мындай тобу менен баш ийбөөнү же болбосо мажбурлоону уюштуруу, —
II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Этиятсыздыктан оор зыян келтирген ошол эле жосундар, —
III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Маселенин чоо-жайын билүү үчүң ИИМдин маалымат кызматына кайрылдык. Алар маалымат такталып жаткандыгын айтты. Ал эми эл өкүлүнүн өзү менен азырынча байланыша албай жатабыз. Кошумча маалымат болсо кабарлайбыз.