«Женго» каймана аты менен таанылган Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштүү тобунун мүчөлөрү, Ошто бир жаранга күч колдонуп акча талап кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык 18-майда К.Досоновдун «Т.И.М.» башында турган уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү бир жаранды күч колдонуп, Ош шаарынын четине үч унаа менен кыйнап алпарып, курал менен коркутушкан. Алар физикалык күч колдонуп, жабырлануучунун «Мерседес-Бенц» унаасын тартып алышып, «общаковская кассага» деп 300 000 сом талап кылышкан. Ошондой эле, жабырлануучуну кыйноого катышкан адамдардын арасында К.Досоновдун жеке айдоочусумун деген «Р.у.А.» кошумча дагы 1000 АКШ долларын талап кылган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 203-беренесинин 3-бөлүмү(Опузалап талап кылуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктрадын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Учурда бул иш боюнча бардык айыпталуучулардын өздүгүн аныктоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп жатат.
Кармалган «Т.И.М.» Ош областтык жана Ош шаары боюнча УКМК башкы башкармалыгынын тергөө камак жайына киргизилди.