7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Элчилик массалык мушташта кармалган кыргыз мигранттар менен жолугушту

867

Элчиликтин консулдук бөлүмүнүн кызматкерлери Кыргызстандын Москвадагы массалык мушташта кармалган жарандары менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө, жарандарга консультативдик-укуктук жардам көрсөтүлгөн.

Ошол эле мезгилде Россиянын ИИМнин жана ТИМнин өкүлдөрү менен аталган жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Ошондой эле элчилик тарабынан Россия Федерациясынын компетенттүү органдарына тийиштүү суроо-талаптар жиберилди.

Аталган маселе элчиликтин көзөмөлүндө турат.

Белгилей кетсек, 13-июлда ЖМКларда «Кузьминки» метросунун жанында Москвадагы кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда чыр чыккандыгы айтылган. ЖМКлардын маалыматына караганда, мушташ болжол менен Кыргызстан жана Тажикстандан келген эмгек мигранттарынын ортосунда чыккан. Андан соң Кыргызстандын 72 жараны кармалган.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

868