Улукбек Марипов айыл чарба кредиттерин берүү механизмин кайрадан карап чыгууну тапшырды. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, пикир алышууда банк секторундагы абал, айыл чарба кредиттерин берүүнү өнүктүрүү жана 2022-2023-жылга карай банктын артыкчылыктуу пландары талкуулашкан. Ошондой эле талкууда чакан жана орто бизнес компанияларын, анын ичинде тамчылатып сугаруу жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча долбоорлорду колдоого алуу, колл-борборлордун ишин күчөтүү жана интернет-банкингди өнүктүрүү зарылдыгын белгиленген.
«Банктын толук санариптик трансформациясы керек, бул кардарларды сактап калууга гана эмес, ошондой эле кардарлар менен тыгыз кызматташууга жана алардын пикирин так түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берген заманбап каналдарды пайдалануу менен банк ишин кеңейтүүгө жардам берет. Айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө 9 жылдан бери насыялар берилип келет, бирок агрардык сектордун өнүгүү динамикасы төмөнкү деңгээлде калууда. Кредиттерди берүү механизмдерин кайрадан карап чыгуу зарыл», — дейт Улукбек Марипов.