7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Элчилик Орусияда Кыргыз жарандары тарабынан баңгизатка байланыштуу кылмыштар көбөйүп жатканын билдирди

704

Элчилик Кыргызстандын жарандары тарабынан Россиянын аймагында жасалып жаткан баңгизаттарды сактоо, сатуу жана ташуу менен байланышкан кылмыштардын саны акыркы жылдары көбөйүп жаткандыгына байланыштуу өзгөчө тынчсыздануусун билдирди.

Россиянын Ички иштер министрлигинин расмий маалыматы боюнча, 2021-жылы баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө байланыштуу кылмыштарды жасаган Кыргыз Республикасынын 224 жаранына карата 327 кылмыш иши козголсо, 2020-жылы Кыргызстандын 151 жаранына карата 191 кылмыш иши козголгон. Россия Федерациясынын укук коргоо органдары бул адамдар көбүнчө тез жана оңой акча табуу максатында атайылап кылмыш жасап жатканын белгилешет.

«Кыргыз Республикасынын жарандары билбестиктен кылмыштуу аракеттерге барган учурлар да бар. Көбүнчө булар «закладчиктер», тагыраак айтканда курьер болуп жумушка киргендер же социалдык түйүндөр аркылуу товар ташуу кызматын көрсөткөндөр»,- деп айтылат маалыматта.

Элчилик эскертет:

  • «Жеңил/оңой» акча өтө кымбатка түшөт. Жаш мекендештерибиздин жана алардын жакындарынын тагдыры түбөлүккө талкаланат.
  • Баңгизатын тараткандык үчүн жаза иштин жагдайына жараша жана Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренесине ылайык 4 жылдан 20 жылга чейин жаза күтөт.
  • Эркинен ажыратуунун орточо мөөнөтү – 7 жыл, эң көп мөөнөтү – өмүр бою эркинен ажыратуу.
  • Россияда жүргөн туугандарынарга жана досторунарга телефон чалып, жасалган кылмыштын кесепеттерин эскерткиле!!!

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

705