Кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова Бириккен күрөш дүйнөсүнүн дүйнөлүк рейтингинде 1-орунду ээледи.
Жаңыланган рейтинг Будапештте (Венгрия) өткөн Европа чемпиондугунун жыйынтыгы боюнча түзүлдү. 68 килограммга чейинки салмакта молдовалык Ирина Рынгач Европа чемпиону болду. Мунун аркасында 10 миң упай алып, 18-орунга көтөрүлдү.
Күрөш боюнча Азия чемпионаты 19-24-апрель күндөрү Монголияда өтөт.