Кыргызстандын Нью-Йорктогу Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиева БУУнун Экономикалык жана Социалдык кеңешинин төрагасы Колин Виксен Келапиле менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө ЭКОСОКтун төрагасы Келапиле кыргыз элин «Кумтөр» кени боюнча Кыргызстан менен Centerra Gold Inc. ортосунда тынчтык келишимин түзүүсү жана бул маселени эл аралык укуктун алкагында чечилүүсү менен куттуктады.
Ал жагымдуу инвестициялык климатты камсыз кылуу үчүн, ошондой эле 2030 туруктуу өнүгүү максаттарына андан ары жетишүүгө, талашты тынчтык менен чечүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп кетти.
Ошондой эле ЭКОСОКтун төрагасы Келапиле БУУнун Экономикалык жана Социалдык кеңешинин мандатынын алкагында Кыргызстанга мындан ары дагы жардам көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.